Бишкекте жеке мектепте шаурмага уулангандардын жалпы саны 84 адамга жетти. Алардын төртөө чоң кишилер.
Жабыркагандардын жетимиш тогузу жугуштуу илдеттер ооруканасына кайрылган, калган беш адам жеке медборборлорго барган. Санитардык эпидемиологиялык көзмөлдөө борборунан лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкканда тиешелүү чара көрүлөрүн билдиришти.