Бишкекте жер алдындагы түтүктөр жарылып, жолдорду суу каптаса коркпоңуз. Сыноо жүргүзүлөт

22-апрелде жылуулук тармактардын тыгыздыгына сыноолор жүргүзүлөрүн “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы билдирди.

Ишканадан жылуулук түйүндөрүнүн тыгыздыгы (басымды сыноо) боюнча пландуу гидравликалык сыноолор жүргүзүлөрүн маалымдашты: шаардын борбордук жагынан түндүктү карай Лев Толстой көчөсү боюнча ЖЭБден баштап Курманжан Датка көчөсүнө чейин (Мадина базары), темир жолду бойлой ЖЭБден Ибраимов көчөсүнө чейин, Шабдан баатыр проспектиси боюнча Достев көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин, Чүй проспектиси боюнча 7-Апрель көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин, Ибраимов көчөсү боюнча Чүй проспектисинен темир жолго чейин, шаардын түштүк жагында (Жукеев-Пудовкин көчөсү боюнча темир жолунан Кулатов көчөсүнө чейин.
Регламентик сыноолорду өткөрүү жылуулук берүү мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылуу үчүн зарыл, сыноолорду жүргүзүү учурунда түтүктөр жарылып, жолдордун катмарынын бузулушу жана жылуулук тармактарынын аймагында жайгашкан аймактарды суу каптап кетиши мүмкүн. Ушул себептен, жарандарды жана транспорт каражаттарынын айдоочуларын жолдордо этият болууга чакырабыз жана жолдордогу жыртыктар жана бузулуулар байкалган учурда дароо «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын Диспетчердик кызматына — 56-85-58 телефону же болбосо, Керектөөчүлөрдү колдоо борборуна — 61-11-69, 1980 (Кыргызтелекомдон), 0557 611-166, 0777 611-166, 0-701-611-166 телефондор аркылуу кайрылууну сунушталат.