Бишкекте жер титиреди

Бүгүн, 19-мартта саат 21:05 чамасында Бишкекте жер титиреди. Android колдонуучуларга алдын ала билдирүү келген.

Ал эми соцтармак колдонуучулар жер бир силкинип туруп, токтогонун жазышууда. Android маалымдамасында жер титирөөнүн эпиборбору Бишкектен ондогон чакырым алыстыкта болуп, магнитудасы 4,5 баллга жеткени айтылат.

ӨКМ маалымат бере элек.