15-январдан тартып Бишкекте жол кире 20 сом болгону жатат

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык кеңеши 26-апрелдеги “Бишкек шаарынын коомдук транспортунда жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу тарифтери жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоорун жактырды. 

Январда жол кире баасы: накталай — 20 сом, накталай эмес төлөм (“Тулпар” картасы) — 17 сом. Ошондой эле кичи маршрутта акы 20 сом болот.

Жаңы тарифтер токтом расмий жарыяланган күндөн тарта 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Азыр автобус жана троллейбуста жол кире 11 сом болсо, кичи автобуста 15 сомду түзөт.