Бишкекте жол кирени көтөрүү боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлду

Жол кирени жогорулатуу боюнча Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Негиздемеде белгиленгендей, учурдагы токтомдо мэрия жүргүнчүлөрдү жана багажды жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуу тарифтерин өзгөртүү маселесин кароодо эксплуатациялык чыгымдардын өзгөрүшүн жана инфляциянын деңгээлин эске алуусу керектиги белгиленген. Буга байланыштуу муниципалитеттин транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү бөлүмү жүргүнчүлөрдү коомдук транспорт менен ташуунун баасын эсептеп чыккан.

Троллейбустар, автобустар (менчигинин түрүнө карабастан) жана кичи автобустар үчүн бирдиктүү жол кире акысын 20 сом кылуу сунушталууда.

Пенсионерлерге, I, II, III топтогу майыптарга, жети жашка чейинки балдарга, «Кыргыз почтасы» ишканасынын почточуларына өз милдеттерин аткаруу учурунда льготалар каралган.