Бишкекте жол оңдоого тоскоол болгон үй бузулду

Жол тармактарын реконструкциялоого тоскоол болгон объектилерди алуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Арча-Бешик конушундагы Жайыл Баатыр көчөсүндөгү №35-282 жер тилкесинде жолду реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан туурасы 8,5 метр, узундугу 12 метр болгон турак-жай бузулган. Буга чейин инспекторлор аталган турак жайдын ээсине турак жайды өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнү айтылды.