Бишкекте жол тескөөчүлөр толгоосу башталган келинди төрөтканага жеткиришти

Бишкекте Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери кызмат өтөп жаткан учурда келин кайрылып, толгоосу башталып кыйналып жаткандыгын жана төрөтканага жеткирип коюну суранган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиртишти.

«Башкармалыктын кызматкерлери тез арада келинди төрөт үйүнө жеткиришкен. Айымдын туугандары жана жолдошу кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө терең ыраазычылыгын билдиришип, ийгилик каалашты»,- дешти.