Бишкекте жол тескөөчүлөрдүн наристени куткарып калганы айтылды

Милициянын кайгуул кызматы социалдык тармактагы баракчасына ыраазычылык катты жарыялады. Андагы маалыматка караганда, кайгуулчулар наристенин өмүрүн сактап калышкан.

«10-сентябрда болжол менен саат 18:00 чамасында наристе какап баштады. Манас менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде, унаа тыгыны башталды. Ошол жерде турган кайгуулчулар унаага отургузуп, баланы 3-балдар ооруканасына жеткирип беришти. Мен аларга ыраазчылык билдерем», — деп жазылган катта.