Бишкекте жөө адамдар өтө турчу диагоналдуу чийиндер пайда болду

Бишкекте Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жөө адамдар өтө турчу диагоналдуу чийиндер пайда болду.
Бул чийиндин өзгөчөлүгү — жөө адамдар көп болуп кеткенде автоунаалардын баары убактылуу токтотулуп, эл бардык тараптан өтө берет. Ушундай эле зебра жакында «Ош» базары тарапта Чүй проспектисинде жасалат.