Бишкекте жөө жүргүнчүлөр үчүн гүл бакча пайда болот

Борбор калаада жөө жүргүнчүлөр үчүн гүл бакча пайда болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Президенттин “Жашыл Мурас” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен Биринчи Май районунда жөө жүргүнчүлөр үчүн Гүл бакча пайда болот. Жыйындын жүрүшүндө жакында жалпы көрүү үчүн сунушталуучу гүл бакчанын долбоорунун даярдыгы тууралуу, ага Медеров көчөсүнөн баштап Абай көчөсүнө чейинки узундугу 500 метрден ашкан Гастелло көчөсү тандалып алынганы айтылды.

Жөө адамдар өтүүчү зонанын курулушу жергиликтүү акимчилик, «Бишкек башкы архитектура» ишканасы менен Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын биргелешкен ишинин натыйжасы болуп саналат.