Бишкекте жоогазын гүл ачты. Сүрөткө түшөм десеңиз, даректердин тизмеси

Бишкек шаарында алгачкы жоогазын гүлдөрү гүлдөдү. Күзүндө «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 170 миң жоогазын көчөттөрүн отургузушкан. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жакында жоогазын гүлдөрү Курманжан Датканын эстелигинин айланасында, Кыргыз улуттук филармониясында, Түштүк магистралда, Жумабек менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде, Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде, Масалиев көчөсүндө, Өкмөттүк, Театрдык жана Эмгек Даңкы скверлеринде, Свердлов райондук администрациясынын жанында, Эмен, Ынтымак, Жеңиш парктарында жана Каражыгач токоюнда, ошондой эле Жаштар аллеясында ачылат.

Жоогазындар гүлдөп бүтөрү менен, баштары кылдаттык менен казылып алынып, кургатылып, кийинки күздө кайрадан гүлзарларга отургузулат.