Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору борбор калаадагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу даават, жума намаз, айт намаз жана мечиттердеги ифтар сыяктуу массалык иш-чараларды убактылуу токтотуп турууну сунуштады. Маалыматты аталган борбордун башкы дарыгери Кубан Кундашев тастыктады.
Анын айтымында, соңку чечим Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан кабыл алынат.
Ал эми муфтият сунуш келип түшкөнүн тастыктап, сунуш бүгүн караларын билдиришти.
«Бизге сунуш кечээ кечинде түшкөн. Бүгүн сунуш каралат. Бирок биз деле мечиттердеги ифтарга катуу көзөмөл жүргүзүп жатканбыз. Жыйынтык чыгары менен коомчулукка кабарлайбыз»,- дешти алар.