Бишкекте жумушсуз калган маршрутка айдоочулары эмне кылат? Вице-мэр жооп берди

31-августтан тарта Бишкекте 5 кичи автобус каттамы токтоду. Анын ордуна ошол эле номурлар менен жаңы автобустар линияга чыгат. 

Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов журналисттерге каттамы токтогон маршртуттун айдоочулары эмне болорун түшүндүрдү. Кеп  №100, №105, №152, №195 жана №212 маршруткалардын айдоочулары тууралуу болуп жатат.

«Аларга жаңы автобустарды айдоону сунуштадык, бирок баары эле атайын категорияга ээ эмес. Алар 1,5 айдын ичинде мэриянын эсебинен кайра даярдоодон өтүп, автобус айдоо категориясын ала алышат. Азыр автобустарга айдоочуларды кабыл алуу уланууда», — деди Сазыкулов.