Бишкекте журналисттердин иликтөө иштерин колдоо максатында «Чындык» форуму уюштурулду

Бишкекте журналисттердин иликтөө иштерин колдоо максатында “Чындык” форуму түзүлдү.

“Чындык” форуму Кыргызстандагы “TRACK Internews” долбоорунун алкагында, атайын иликтөө иштерин жүргүзгөн журналисттерди колдоо максатында ачылган.

TRACK (Transparency through Reporting & Advocacy Campaigns in Kyrgyzstan) – бул көп компоненттүү долбоор. Анын максаты – ата мекендик журналистик иликтөө иштерин сапаттуу өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, коомду коррупцияга каршы күрөшкө тартуу жана бийликтин жогорку жоопкерчилигине жана отчеттуулугуна жетишүү үчүн көзөмөлдөө функцияларын күчөтүү.

Долбоор ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жарандык секторунун жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын коррупцияны жана натыйжасыз башкарууну ачыкка чыгаруу, коомдо ашкереленген кыянаттык фактылар жөнүндө потенциалды чыңдоого багытталган.

“Чындык” форумда журналисттик иликтөө боюнча интенсивдүү окутуу курстары, бейөкмөт уюмдар үчүн маалыматтык кампаниялар боюнча семинарлар (адвокаттык кампаниялар), ЖМКлардын иликтөө иштери жана жарандык журналисттерди колдоо жана коргоо боюнча гранттар бар.