Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, ошондой эле оор жана ири өлчөмдөгү автотранспортторду иштеткен курулуш компаниялардын, бизнес-ассоциациялардын, жеке жана юридикалык жактардын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда шаар башчысы аталган чектөөлөр жол катмарынын бузулушун алдын алуу, болтурбоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо максатында киргизилгенин түшүндүрдү. Жүк ташуучу унаалардын ээлеринин жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизүү боюнча өтүнүчтөрү да эске алынды. Жыйынтыгында Бишкек мэриясынын 29-марттагы тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды. Буйрукка ылайык, абанын күндүзгү температурасы 28ºС болгон учурда Бишкек шаарынын муниципалдык жолдорунда максималдуу жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө 1-июндан 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 19:00гө чейин киргизилет.
- Буга чейин оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Түштүк магистралда митинг өткөрүшкөн. Алар күндүз Бишкекте жол жүрүүгө уруксат берүүнү суранышкан.