Бишкекте жыл аягына чейин 100 лифт алмаштырылат

Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары Жыргалбек Шамыралиев муниципалдык лифттерди модернизациялоо боюнча иштердин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Көчмө иштин алкагында куруучулар шаарчасындагы жана Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу турак үйлөргө барды, аларда 7 жүргүнчү лифтин алмаштыруу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө “Бишкек шаар лифт” муниципалдык ишканасынын директору Майрамбек Саманчиевге 100 лифтти 2023-жылдын ноябрынын аягына чейин алмаштыруу иштерин тездетүүнү тапшырды.

Жалпысынан “Бишкек шаар лифт” муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк программанын алкагында 2023-жылга 100 даана муниципалдык лифттерди алмаштыруу каралган.

Азыркы учурда келишимдин шарттары боюнча 59 лифт алып келинип, алардын ичинен 47 лифт толугу менен алмаштырылды жана пайдаланууга берилди. Бүгүнкү күндө муниципалдык ишкана тарабынан 12 лифтти модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө.