Бишкекте жыл башынан бери сүт дээрлик 12 сомго кымбаттады

2022-жылдын башынан бери Бишкекте пастерленбеген сүт 11 сом 60 тыйынга кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Эгерде 2021-жылдын декабрынын аягында продукциянын баасы 49 сом 52 тыйын болсо, 2022-жылдын 17-февралына карата анын баасы 61 сом 8 тыйынга чейин жогорулаган. Өсүү темпи республика боюнча эң жогорку көрсөткүч болду. Акыркы жумада эле сүт 1 сом 70 тыйынга кымбаттады. 

Республика боюнча орточо эсеп менен бир жарым айда сүт 7 сом 30 тыйынга көтөрүлдү. Продукциянын өздүк наркы Бишкектен тышкары Кара-Суу (10 сомго), Талас (10 сомго), Токмок (9 сом 20 тыйынга) жана Кара-Балта (7 сом 70 тыйынга) шаарларында республикалык деңгээлден кымбаттады. Ал эми Исфана шаарында сүт, тескерисинче, 10 сомго арзандады. Ошол эле учурда Жалал-Абадда сүт эң кымбат – литри 65 сомдон. Эң төмөнкү баа Жумгал районунун Чаек айылында катталды. Аталган айылда сүттүн литри 35 сомдон.