Бишкекте жылуулук 31-октябрдан тарта бериле баштайт

Бишкек шаарында жылытуу мезгилин 31-октябрда баштоо чечими кабыл алынды. Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Объекттерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет.

Экинчи кезекте объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине берилет.