Бишкекте жүрөк оорулуу бала сасык тумоо менен ооруканага түшүп, чарчап калды

Бишкекте жүрөк оорулуу бала сасык тумоо менен ооруканага түшүп, чарчап калды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты. Маалыматка караганда, окуя 22-декбарда болгон. «Кечээ, 22-декабрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна бала вирустук инфекциянын белгилери менен өтө оор абалда түшкөн. Бала курч респиратордук вирустук инфекциясы менен жаткырылган. Баланын тубаса жүрөк кемтиги болгон жана буга чейин ага операция жасалган. Вирустук инфекция жүрөк-кан тамыр системине таасир эткен», — деп айтылат маалыматта.