Бишкекте кайрадан «Мыйзамдуулук үчүн» тынчтык жүрүшү өттү

Бүгүн, 14-мартта Бишкекте жарандык активисттер «мыйзамдуулук үчүн», «өнүккөн өлкө үчүн», «жаркын келечек үчүн», «коркпо жакшы жашоону талап кыл» деген ураандар менен кезектеги тынчтык жүрүшүнө чыгышты. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чараны «Баштан башта» коомдук уюму уюштурду. Жүрүшкө чыккандар иш-чараны түшкү саат 12:00дө темир жол бекетинен баштап, Эркиндик гүлбагы аркылуу өтүп, «Ала-Тоо» аянтында аякташты.

Алар бийликти узурпациялоого, мыйзамсыздыкка, референдум өткөрүүгө каршы пикирлерин билдирип чыгышкан.

Белгилей кетсек, «Баштан башта» кыймылы демилгелеген бул тынчтык жүрүшү 2020-жылдын 22-ноябрынан бери ар жекшемби сайын өтүп келет. Бүгүнкү жүрүш эсеп боюнча он тогузунчусу.