Бишкекте капиталдык оңдоого байланыштуу бир нече көчө жабылат

18-майдан тарта капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу бир нече көчө жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жабыла турган көчөлөр төмөнкүлөр:
— Байтик Баатыр көчөсү А.Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин;
— И. Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейин.
Ага ылайык, Байтик Баатыр көчөсү А.Токомбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин, ал эми И. Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен тартып Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт. Аталган көчөлөрдө капиталдык оңдоо акыркы ирет 2001-2003-жылдары жүргүзүлгөн. Капиталдык оңдоонун алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыртылып, айрым тилкелер кеңейтилет. Жолдун үстүнкү катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт.

Ошондой эле, быйылкы жылы мындан башка дагы төрт көчөдө капиталдык оңдоо жүрөт. Тизме:

— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Т. Айтматов көчөсүнө чейин;
— М. Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;
— Б. Юнусалиев көчөсү Сухе-Батор көчөсүнөн М. Горький көчөсүнө чейин;
— Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтөт жана кеңейтилет.
Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулар! Бишкек мэриясы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан маршрутту алдын ала пландап алууну өтүнөт.