Бишкекте кассалык аппаратка каршы митинг өтүп жатат

Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдында кассалык аппаратка каршы митинг өтүп жатат.

Митингдин катышуучуларынын бири белгилегендей, алардын эки талабы бар: алар кассалык аппаратты орнотуу талабын жокко чыгаруу менен бирге, эсеп-фактураны тапшырууну да жокко чыгарууну талап кылышууда.

«Биз патенттик система боюнча ишти уланткыбыз келет, анткени товар акыркы керектөөчүгө жеткенге чейин эсеп-фактура үч жолу тапшырылат», — деди ал. Ишкерлер бүгүнкү митингге Чүй облусунун ар кайсы райондорунан, ошондой эле Бишкектен келгендер көп экенин белгилешүүдө. Булар күркөлөрдүн жана чакан дүкөндөрдүн ээлери.