Бишкекте Катардан келген дарыгерлер угуусу начар балдарга операция жасап жатат

Бүгүн, 25-октябрда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда болуп, угуусу начар балдарга жасалып жаткан операциялардын жүрүшү менен таанышты.

Катар мамлекетинен профессор Абдулсалам Аль-Кахтани жетектеген хирургдар тобу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кохлеардык имплантация боюнча операцияларды жасоо үчүн келишкен.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бир жуманын ичинде 50гө жакын балага операция жасалат. Мурда кол коюлган меморандумга ылайык, Катар мамлекетинин Өкмөтү Кайрымдуулук жана Ислам иштери министрлиги аркылуу бардык зарыл финансылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасын камсыз кылууну, ошондой эле операциядан кийин балдарды реабилитациялоого байланышкан чыгымдарды өз мойнуна алат.

Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун директору Шайырбек Сулайманов министрге угуусу начар балдарды диагностикалоо, хирургиялык кийлигишүү жана операциядан кийинки медициналык реабилитациялоо үчүн бардык керектүү жабдуулар бар экенин, ошондой эле кохлеардык имплантацияга балдарды тандоо боюнча бекитилген жоболор бар экенин билдирди. Жалпысынан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда буга чейин кохлеардык имплантация коюу боюнча 200дөн ашык балага операция жасалган.