Бишкекте каза болгон улакчы. Нооруз турнири жылдырылды

Бүгүн, 12-мартта Бишкектин четиндеги көк бөрү оюнунда улакчы каза болгону маалымдалган. Кырсык боюнча Ленин РИИБден маалымат беришип, 1980-жылы туулган оюнчу каза болгонун билдирген.

Көк бөрү федерациясынын басма сөз кызматы оюн токтогонун билдирди. «Оюн токтоду, ошол учурдагы оюнду аягына бүтүрүп салуу керек болду. Калган бүгүнкү оюндар жана Нооруз турнири белгисиз мөөнөткө жылды», — деди ал.