Бишкекте Казакстанга ЖККУнун күчтөрүн киргизүүгө каршы акция өтүп жатат

Бүгүн, 6-январда Бишкекте Ак Үйдүн имаратынын жанында Казакстанга ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн киргизүүгө каршы акция өтүп жатат. Мындай акцияны колдоп 20дай жарандык активист келген.

«Биз каршы экенибизди билдирүү жана депутаттардын пикирине таасир кылуу үчүн күтүүсүздөн чогулуп калдык. ЖККУ кабыл алган чечимге каршыбыз жана уюмдун күчтөрүн бир гана тышкы агрессия болгон учурда колдонууга мүмкүн. Казакстанда болуп жаткан окуялар — бул алардын ички процесстери. Биз Кыргызстан жана башка ЖККУга мүчө болгон өлкөлөр ага кийлигишпешибиз керек деп эсептейбиз», — дейт Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова.

Саат 14:00дө Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, анда Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүү боюнча чечим кабыл алынары айтылган.