Бишкекте казиного каршы митинг өтүп жатат (сүрөт)

Бишкекте жарандык активисттер Ак Үйдүн алдында казиного каршы митинг өткөрүп жатышат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жарандык активист Адилет Али Мыктыбек билдирди.

Чогулгандар колдоруна «Ысык-Көл, Нарын, Талас, Бишкек казиного каршы», «Кыргыз эли казиного каршы» деген жазууну көтөрүп чыгышкан.