Бишкекте бүгүн казиного каршы акция өтөт

Жогорку Кеңеште каралып жаткан казиного уруксат берүү мыйзам долбооруна каршы бүгүн, 22-июнда Бишкекте тынчтык акциясы өтөт. Ал саат 10:00дө Ак Үйдүн астында болот.

«Казиного уруксат берүү — Кыргызстаныбыздын келечегине, жаштарыбыздын, кыздарыбыздын жаркын, таза өмүрлөрүнө балта чабуу», — дейт жарандык активист Эртай Искаков.

Буга чейин Ош шаарында казиного каршы митинг өткөн.