Бишкекте казинолордун ачылышына каршы митинг өтөт

Бишкекте 29-апрелде казинолордун ачылышына каршы «Арамда пайда жок» аттуу тынчтык митинги өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты. Маалыматка караганда, иш-чара баш калаадагы Максим Горький атындагы паркта саат 15:00дө башталат.

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер үчүн кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты. Долбоор боюнча «Тамчы» аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен казинонун курулушу болжолдонгон. Документке ылайык, кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага Кыргыз жарандары киргизилбейт. Эгерде Кыргыз жарандары кирип, утулуп калса, анда мекеме алардын уттуруп ийген акчасын кайрып берүүгө милдеттендирилет. Долбоор кабыл алынса, бул мыйзам өлкөнүн башка аймактарында иштебейт. Авторлор Ысык-Көлдө кумар оюндарына уруксат берилсе, жумушчу орундары түзүлүп, бюджетке киреше түшөт деп эсептешет. Добуш берүү учурунда 91 депутат катталып, 68 депутат макул болсо, 23 эл өкүлү каршы добуш берди.

Президент Садыр Жапаров бул мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди.