Бишкекте келин менен анын 4 жаштагы кызы дагы эле дайынсыз

Бишкекте келин менен анын 4 жаштагы кызы дагы эле дайынсыз. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Биринчи Май РИИБден тастыкташты.

18-октябрда милицияга жаран кайрылып, 1982-жылы туулган эжеси Орозбаева Нургүл Мурзакуловна жана анын 2019-жылы туулган кызы Нурлан кызы Айбийке ошол эле күнү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдирген.

Сүрөттөгү жарандарды көргөндөр болсо, 0(312) 56-60-43, 0704 102-702, 0507 692 261, 0709 62 63 56 номурларына чалсаңар болот.