Бишкекте Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды колдоо митинги өтүп жатат

Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги Максим Горький гүлзарында Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды колдоо митинги өтүп жатат.

Чогулгандар камакка алынгандарды коё берүүнү талап кылышууда. Камактагы укук коргоочу Рита Карасартованын кызы камактагылардын ден соолугундагы көйгөйлөр тууралуу айтып берди.

Анын сөзүнөн кийин 2002-жылдын 17-мартында болгон Аксы окуясын эскерип, куран окулду.