Бишкекте кимчи фестивалы өтөт

29-октябрда Бишкек шаарында Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан уюштурулган «Кореялык Кимчи фестивалы жана салттуу шараптын дегустациясы» өтөт. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
2013-жылы кимчи жасоо маданияты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурас статусун алган.
Кимчи, Корей шараптарын даамдоо фестивалы, кимчи жасоону жана салттуу суусундуктардын ар кандай түрлөрүнүн дегустациясын жайылтуу жана уюштуруу аркылуу корей ашканасын салттуу суусундуктарын таанытуу үчүн маанилүү окуя болуп саналат.
Иш-чара Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда саат 11:00дөн 15:00гө чейин өтөт.