Баткен районунун Раззаков шаарына жакын жайгашкан Чимген айылында Бишкекте киши колдуу болгон үч үй-бүлө мүчөсүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул маалыматты Kaktus.media жазды.
Маалыматка караганда, маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 18-февраль күнү түштөн кийин өткөн.
16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адамдын киши колдуу болгону маалым болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон. Ошондой эле үйдөгү камерага түшүп калган үрөй учурган видео тараган.