Бишкекте көчөдө желим бөтөлкө чогулткан балакайдын үй-бүлөсүнө азык-түлүк жана кийим-кече берилди

Буга чейин социалдык тармактарда жаанда желим бөтөлкө чогултуп, аны «1 сомдон сатам» деген балакайдын видеосу тараган. Бул боюнча Бишкек мэриясынан маалымат беришти.

«18-апрелде Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына Түгөлбай-Ата көчөсүнүн боюнда жайгашкан «Малыш» балдар медициналык борборунун жанында беш жашар бала желим бөтөлкө чогултуп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. 19-апрелде баланын Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Тыныстанов жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде таштандыларды кабыл алуучу жайда жашары аныкталган. Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери Биринчи май РИИБнин балдар иштери боюнча инспектору менен биргеликте чыгуу уюштурушкан. Дарекке барган учурда ал жерде Өзбек жарандары жашашкандыгы белгилүү болду. Текшерүүнүн жүрүшүндө жашаган жеринде санитардык-гигиеналык нормалар сакталбаганы, балдардын жашоосу үчүн шарттар түзүлбөгөнү аныкталган. Мындан тышкары, Өзбек жарандарына балдардын мыйзамдуу укуктарын сактоо жана ата-энелик милдеттерди так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Биринчи Май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана кийим-кече түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле Биринчи Май администрациясы жарандарынын оор турмуштук абалына байланыштуу Өзбекстандын элчилигине кат жөнөткөн», — деп айтылат маалыматта.