Бишкекте көчөдө мушташкан жигиттер боюнча милиция маалымат берди (видео)

Буга чейин социалдык тармактарда көчөдө топ болгон жарандар мушташып жаткан видео тараган. Окуя боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 6-апрель күнү Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Бишкектеги эс алуу жайларынын биринде жарандар мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Милиция тарабынан 2000-жылы туулган 2 жаран аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык административдик протокол түзүлгөн.