Кечээ, 8-октябрда социалдык тармактарда Бишкектеги Фрунзе менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши көчөдө кызды сабаган видео тараган.
Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
Коёнкөзов көчөсү, 75
Кечээ, 8-октябрда социалдык тармактарда Бишкектеги Фрунзе менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши көчөдө кызды сабаган видео тараган.
«Бир нече жолу соккондон кийин кыз жерге жатып калды, бирок эркек уруп-согууну токтоткон жок. Айланадагы адамдар жардам берүүгө аракет кылышты, бирок ал кызды жолдун ары жагында токтоп турган унаага сүйрөп киргизген, унаанын ичинде дагы бир эркек болгон. Андан соң дагы бир нече өтүп бара жаткан адамдар жардамга келген, ошол учурда кыз унаадан качып чыгууга үлгүрдү. Алар бири-бирин тааныйбы же жокпу белгисиз», — деди окуянын күбөсү.
Бул окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришип, факты катталганын, кыз арыз жазуудан баш тартканын билдирди. «Милиция кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаралардын негизинде видеодо көрсөтүлгөн жарандардын аты-жөнү такталган. Алар милиция бөлүмүнө жеткирилген. 2007-жылы туулган кыз арыз жазуудан баш тарткан. 1998-жылы туулган жаранга 126-берене («Майда бейбаштык») боюнча административдик протокол түзүлгөн. Ал Ленин райондук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,- деп айтылат маалыматта.
“16 жаштагы кызына кол көтөрдү” деген шек менен атасы кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, 14-декабрда Т.Б. аттуу...
Бүгүн, 14-декабрда Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айылында аскер кызматкерлеринин катышуусунда кырсык катталып, 65 жаштагы жаран каза болду. Маалыматка ылайык,...
Бишкекте “жолуңду ачып берем деп” 43 миң долларга алдаган көзү ачык кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы...
Бишкектин Биринчи май райондук соту кечээ, 12-декабрда активист Айбек Теңизбайды эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Айбек Теңизбай Бишкектеги №1...
УКМК өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарга карата акчалай компенсация алуу үчүн "акыл-эси жайында эмес" деген корутунду чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен...
Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
Коёнкөзов көчөсү, 75
Реклама бөлүмү
+996 (222)
88-29-29
reklama@serep.kg
©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.