Бишкекте көчөнүн үч бөлүгүн жаап, бир бөлүгүн ачуу пландалууда

Байтик Баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады. Эртең, 29-июнда жогоруда аталган аймак унаа кыймылы үчүн ачылат.

Ошондой эле 29-июндан тарта Байтик баатыр көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилиши жана ушул эле көчөнүн Бөкөнбаевден Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо жумуштарына жабылат. Мындан тышкары, 29-июндан баштап Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишин 2-июлга чейин жабуу, ошондой эле Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишин 4-июлга чейин чейин жабуу мерчемделүүдө. Капиталдык оңдоо жумуштары Байтик баатыр, Ахунбаев жана Жибек-Жолу проспектилеринде жүрүүдө.