Бишкекте коммуналдык төлөмдөрдү төлөө үчүн бирдиктүү квитанция системасы ишке кирди

Мэрия коммуналдык төлөмдөрдү төлөө үчүн бирдиктүү квитанция системасын ишке киргизди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Бирдиктүү квитанцияларда бирдиктүү ELQR кодун көрсөтүүдө, ал төлөмдүн бардык маалыматтарын камтып, бир баскыч менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.

«Жаңы система үй-коммуналдык кызматтар үчүн бардык төлөмдөрдү бир кагазда бириктирүүнү көздөйт. Мисалы, суу менен камсыздоо, жылуулук берүү, газ менен камсыздоо, таштанды чыгаруучу кызматы жана лифттердин техникалык тейлөө кызматтары», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, төлөмдөрдү интернет-банкинг аркылуу жүргүзсө да болот.