Бишкекте көмүр 3 миң сомдон сатылып жатат. Дареги

иллюстрация

Бишкек шаарындагы Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде тоннасы 3000 сомдон көмүр сатылууда. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «Кыргыз көмүр» ишканасынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, азырынча чектөө бар. Тактап айтканда, бир үй-бүлө 2 тоннадан гана ала алат.  «Көмүр алуучулардын саны көп болгондуктан айтылган даректе кезек күткөндөр бар», — дешти мекемеден.

Кечээ, 15-ноябрда президент Садыр Жапаров ТЭЦ-2нин жанындагы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3 миң сомго түшөрүн убадалаган.