Бишкекте коомдук транспорт эмне үчүн күн сайын текшерилип жатат?

Борбор калаада коомдук транспорт күн сайын текшерилүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти коомдук транспорттун иштөөсүн көзөмөлдөө максатында күн сайын рейддерди өткөрүп келет. Ага «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы», «Бишкек троллейбус башкармалыгы» жана Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы муниципалдык ишканалары катышууда. Коомдук тартипти камсыздоого милициянын патрулдук кызматы да тартылган.

Аялдамаларда туура токтоо, унаалардын техникалык абалы, GPS-трекерлердин иштеши, санитардык нормалардын сакталышына жана накталай акча менен төлөөнүн тартибине өзгөчө көңүл бурулат. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда протоколдор түзүлүп, айдоочуга эскертүүлөр берилет.

Күн сайын өткөрүлүүчү рейддер коомдук транспорттордогу тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.