Бишкекте коомдук транспорт кандай иштеп жатат жана жолду оңдоо качан аяктайт?

Бишкекте бүгүн, 2-сентябрда “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасына таандык 1002 автобус каттамга чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Андан тышкары 41 троллейбус жана мурдагы троллейбус каттамдарын тейлеген 46 автобус иштеп жатат. “Жүргүнчүлөрдү ташуу бирикмеси” муниципалдык ишканасынын 174 бирдик кичи маршруттук автобустары, “Эко жүргүнчүлөрдү жеткизүү» ЖЧКсынын 124 бирдик автобусу да каттамга чыкты. Жаңы окуу жылынын башталышына карата ар бир автобус каттамына ортодогу аралыкты азайтуу жана жүргүнчү агымы көбөйгөнүн эске алуу менен 2-3 автобустан кошулду.

Борбордогу мектептердин айланасында унаа тыгынын болтурбоо, коомдук коопсуздукту күзөтүү үчүн Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери 114 мектепке бекитилди. Мамлекеттик күзөт кызматынын линиясы боюнча 120 кызматкер жана 102 линиясы боюнча 160 кызматкер коюлду. Соода жана базар комплекстеринин жанына 40 кызматер бөлүндү. Жалпы 1000ден ашык кызматкер тартылды.

Алар билим берүү мекемелеринин жанында жол коопсуздугун сактоо, тыгынга себеп болгон жол эрежесин бузуу менен жүргүнчү түшүрүү, токтоо фактыларын алдын алуу жана коомдук тартипти сактоого көзөмөл кылууда.
Учурда Бишкек шаарында 3 көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Горький көчөсүндө Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин жана Тыныстанов көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин 1-катмар асфальтбетон төшөө иштери аяктады. Тыныстанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол жээгиндеги эски бетон бордюрларды чыгарып, жаңы бордюрларды орнотуу, асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүрүүдө. Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 2 катмар асфальт басылды. Сүйөркулов-Горький бөлүгүндө бордюр орнотуу асфальттын 1-катмарын төшөөгө даярдык жумуштары жүрүп жатат. Жибек-Жолу проспектисинин Тоголок Молдо-Сүйүмбаев бөлүгүнүн түштүк тарабында жумуштар аяктап, кыймыл ачылды. Учурда жумуштар ушул эле бөлүктө түндүк жагында жүрүп жатат. Тоголок Молдо көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин асфальттын 2-катмары (ЩМА) төшөлүүдө. Жакынкы аралыкта, жол белгилери чийилип, унаа кыймылы үчүн ачылат.

Жогорудагы 3 көчөдө реабилитациялоо жумуштары графикке ылайык жүрүп жатат. Горький жана Юнусалиев көчөлөрүндө 15-октябрда, Жибек-Жолу проспектисинде 31-октябрда аяктоо мерчемделген.