Бишкек мэриясы коомдук транспортто жол кирени 20 сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо. Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору муниципалитеттин сайтында жарыяланды.
Менчигинин түрүнө карабастан транспорттун бардык түрлөрүнө: автобустарга, кичи автобустарга жана троллейбустарга бирдиктүү тарифти белгилөө сунушталууда.
1. Бир жүргүнчүнүн жол кире баасы:
— троллейбуста 20 сом;
— менчик түрүнө карабастан автобуста (өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) 20 сом;
— менчик түрүнө карабастан чакан класстагы автобустарда – 20 сом.
2. Автобустарда, троллейбустарда 1 орундук жүктү ташуу үчүн төлөм:
— 40 килограммдан жогору же көлөмү 50х60х100 сантиметр 20 сом.
3. 1 (бир) айлык мөөнөткө транспорттук картанын (электрондук жол билети) баасы:
— мектептик 430 сом;
— стандарттуу 1200 сом.
4. Бишкек шаарынын тургундарынын төмөнкү категорияларына муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү укугу белгиленсин:
— жаш курагы боюнча пенсионерлерине;
— жалпы оорулардын жана эмгектен жабыр тарткандардын I, II, III топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жактарына;
— бала кезинен мүмкүнчүлүгү чектелгендерге.