Бишкекте “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышында форум өттү

Бүгүн, 28-февраль күнү Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониянын залында Ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышында форум өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Форумдун максаты – жарандардын коопсуздугун, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, укук бузууларды жасоого көмөктөшүүчү себептерин жана шарттарын аныктоого жана жоюуга багытталды.

Форумга ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирлан Байгончоков, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, шаардык, райондук ички иштер башкармалыктарынын башчылары, мекеме-ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.