Бишкекте көп кабаттуу үйдөн келин эки баласы менен кулап, эне менен бир жаштагы наристеси каза болду

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн келин эки баласы менен кулап, эне менен бир жаштагы наристеси каза болду. 27 жаштагы келин ошол жерде эле мүрт кеткен. Кызы ооруканада чарчап калган. Ал эми 5 жаштагы баласы учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Шаардык милиция күйөөсү суицидге жеткирүүгө шектелип кармалганын билдирди.