Бишкек шаарынын Октябрь районунун Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 2-кабатында электр калканынан чыккан өрт саат 13:19да толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган. Өрттүн кесепетинен 54 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып, Тез жардам кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Абалы жакшы.