Бишкекте көпүрөдөн боюн таштоого аракет кылган жигит куткарылды (сүрөт)

Милициянын кайгуул кызматкерлери көпүрөдөн боюн таштайм деген жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Малыматка караганда, кечээ, 7-ноябрда саат 22:05 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Алматы көчөсүндө жайгашкан көпүрөдө бирөө секиргени аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1993-жылы туулган жаран көпүрөдөн өзүн таштаганга аракет кылып жаткандыгы аныкталган. Чакыруу менен барган милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, секирүүгө аракет кылып жаткан жаранды куткарып калышты.

Кийин бул жаранды Свердлов РИИБге жеткирип, туугандарына өткөрүп беришти.