Бишкекте көрнөк-жарнактар иреттелүүдө. Кандай эрежелерди сактоо керек?

Бишкекте көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

7-Апрель көчөсү менен Курманжан Датка көчөсүн бойлой Жибек Жолу проспектисине чейин жарнама конструкцияларды алуу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Рейддин жыйынтыгында 20 жарнамалык баннер демонтаждалды. Текшерүүлөр шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнаманы жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, тышкы жарнаманы жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү болуп саналат.

Буга чейин комиссия жарнамаларды жана кулактандырууларды таратуу эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.