Бишкекте коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн дагы 3 пункт ачылды

2 калкты тейлөөчү борбордо, ошондой эле «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишкананын филиалында («Бишкек почтасы») убактылуу эмдөө пункттары иштейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эмдөө пунктары №3 Калкты тейлөө борборунда (Жаш гвардия бульвары, 4), №4 КТБ (Жибек жолу көчөсү, 381), ошондой эле Бишкек почтасында (Чүй проспектиси, 96) ачылды.

Баткен облусунда да, Салихов көчөсү, 33/1 дарегиндеги Калкты тейлөө борборунда эмдөө пункту ачылды. Бул пункттардан каалаган адам эмдөөдөн өтө алат. Паспортуңуздун жанында болушу маанилүү. Эмдөө бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен бекер жүргүзүлөт.