Бишкекте космонавт Юрий Гагариндин бюсту орнотулду

Бүгүн, 12-апрелде Бишкектеги №25 орто мектептин аймагында биринчи космонавт Юрий Гагариндин бюсту орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева катышты. Ал бюсттун орнотулушу 12-апрель – Космонавтика күнүнө карата ишке ашырылганын белгилеп кетти.

«Бүгүнкү күндө Юрий Гагариндин ысымын №25 орто мектепке ыйгаруу маселеси мэрияда каралууда», — деди Чыныбаева.

Вице-мэр ошондой эле космоско учкан 565 адамдын 60ы аял болгонун баса белгилеп өттү.

Президенттин аппаратынын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев космосту мекендешибиз Салижан Шарипов да багындырганын айтты.

«Президент Садыр Жапаров Гагариндин бюстунун орнотулушун колдойт. Жакында ушул райондо Юрий Гагарин атындагы сквер ачылышы мүмкүн», — деди Базарбаев.

Белгилей кетсек, Юрий Гагариндин бюсту «Бир дүйнө — Маданий диалог» коомдук фондунун президенти Руслан Байрамов тарабынан даярдалган.