Бишкекте курч респиратордук инфекция жана пневмония менен ооруган балдар үчүн убактылуу стационар ачылат

22-октябрдан тарта Республикалык диагностикалык борбордо курч респиратордук вирустук инфекциялар жана пневмония менен ооруган балдар үчүн убактылуу стационар ачылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

Кошумча керебеттер курч респиратордук вирустук инфекциялардын сезондук эпидемиясынын күчөшүнө байланыштуу шаардык балдар клиникалык ооруканасынын жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жумушун жеңилдетүү жана медициналык жардамды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү үчүн ачылат. Орточо оордуктагы балдар убактылуу стационарга жөнөтүлөт.

Кошумчалай кетсек, вирустун инфекциялардын күч алышынан улам Бишкектеги үй-бүлөлүк медициналык борборлор дем алыш күндөрү да иштейт.