Бишкекте кургак учукка каршы жаңы оорукана ачылды (сүрөт)

Бишкек шаарында кургак учукка каршы жаңы оорукана ачылды. Медициналык мекеменин ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары катышты.

«Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин жана жалпы элибиздин атынан Германия Федеративдик Республикасына биздин саламаттыкты сактоо тармагына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн биз “Кургак учук менен күрөшүү программасы – V” гранттык долбоорунун алкагында курулган жаңы жабдуулар менен камсыздалган заманбап клиниканы ачып жатабыз. 1992-жылдан бери Германия өнүктүрүү банкы биздин өлкөгө түрдүү тармактар боюнча 298 миллион евродон ашык каражат бөлгөн. Германиянын биздин калыптануубузга жана туруктуу өнүгүүбүзгө, ошондой эле глобалдык пандемия учурунда колдоо көрсөтүүсүн жогору баалайбыз», — деди Байсалов жана кыргыз тарап эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу чыңдоого кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Ачылыш аземинде Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил саламаттыкты сактоо тармагы эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири катары саналарын белгиледи. Ал жаңы оорукананын кызматкерлерине кургак учук жана башка жугуштуу ооруларга каршы күрөшүүдө ийгиликтерди каалады.